Бишкектин четинде бир үй-бүлөгө кол салуу болду (видео)

6187

Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арча айылында үй-бүлөгө кол салып, бир адамдын канына забын болгон кылмышкерлер азырынча кармала элек. Учурда ыкчам кызматкерлерден турган топ түзүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 2 күн мурда Төмөнкү Ала-Арча айылында бир үйгө кол салуу болуп, бычак жеген 62 жаштагы киши ооруканага түшүп, 26 жаштагы кыз каза болгон. Аталган факты боюнча «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертиза дайындалган.