Бишкектин, Чүй жана Талас областарынын бир катар аймактары жарыксыз калды

755

Бүгүн таңга маал болгон катуу шамалдан Бишкектин, Чүй жана Талас областарынын бир катар аймактарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады. Алсак, борбор калаада көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп “Пенько-Жутовая” станциясын жабыркатты. Натыйжада, Чүй проспекти, Жумабек, Сүйүмбаев, Гоголь, Москва көчөлөрү электр жарыксыз калган.

Ошондой эле, катуу шамалдан кийин Бишкектин Тынчтык, Арча-Бешик конушунун түштүк-батыш бөлүгүн электр энергия менен камсыз кылган жогорку чыңалуудагы линиялары үзүлгөн. Анын кесепетинен Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук районундагы айрым көмөкчордондор да жабыркаган.

Талас областында болсо, “Кировка” подстанциясындагы бир фидер жарактан чыккан. Азырынча үч аймакта канча абонент жарыксыз калганы белгисиз. Мындан тышкары, эртең мененки катуу шамалдан борбор калаада алты жерде дарак кулаган. Жабыркагандар жок.