Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов 15 жылга кесилди

3071

Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов 15 жылга кесилсе, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айыпка жыгылып, сот залынан бошотулду. Мындай чечимди борбор калаанын Ленин райондук соту чыгарды. Бүгүн экс-калаа башчылары сот отурумунда акыркы сөзүн сүйлөшкөн болчу. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Ибраимовду 20 жылга кесүү керектигин айтса, Кулматовго 15 жыл сураган.

Эске салсак, Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган. Ибраимовго болсо «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү 5 гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең бүгүн акыркы сөзүн сүйлөп жатып коюлган айыптардын бары куру доомат экенин айтышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.