Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго айып тагылды (видео)

1541

Кубанычбек Кулматовго коррупция беренесинин негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады. Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 2 миллион доллар грантты мыйзамсыз иштеткен деп шектелүүдө. Мындан сырткары Бишкек шаарынын бюджетинен Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушун бүтүрүү үчүн деп кошумча 100 миллион сом бөлдүргөн. Мурдагы аткаминер коюлган дооматтарды четке кагып, каржаттын сарпталышына тиешеси жок экенин айтууда.