Бишкектин кийинки мэри ким болот? (видео)

2074

Бишкек шаардык кеңештин 45 депутатынын 11 кайрадан эл өкүлү болуп келе жатат. Болочок депутаттардын жыйырмадайы бизнесмендер. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга электе эле мэрлик кызмат талашка түштү. «Эмгек», «Ак-Бата» жана «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партияларынын негиздөөчүлөрү көпчүлүктүн коалициясын түзүүнү сүйлөшүшкөн.

Мэрликке Нариман Түлеевди алып чыгарын айтышууда. Ал эми Тулеевге атаандаш катары «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Бабур Төлбаевди калаа башчылыгына көрсөтөрүн жар салды.