Бишкектин көчөлөрүнө 850 миң гүл отургузулат (видео)

8097

Жашыл зоналарды толуктоо жана борбордун экологиялык имиджин сактоо. Дал ушул максатта Бишкек шаарында жашылдандыруу акциясы жарыяланды. Калаа тургундары буга өз салымын кошуп, ар бир жаран өз алдынча көчөт отургуза алат. Аларга Бишкек Жашыл чарба муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жардамдашат.

Ордо калааны көрктөндүрүү үчүн аталган мекеме быйыл 850 миң даана гүл отургузууну пландап жатат. Бул былтыркыга салыштырмалуу 350 миңге аз. Азыр күнөсканаларда гүлдүн канча түрү өстүрүлүп жатат?