Бишкектин коомдук транспорт системасындагы өзгөрүүлөр (видео)

715

Бирдиктүү төлөм картасы, электрондук билеттер жана жаңы автобустар. Бишкек шаар башкармалыгынын жетекчилиги бул жаңылыктардын баары жакында ишке ашат деп убада берүүдө. Учурда борбор калаадагы коомдук транспорт системасын өзгөртүү аракеттери көрүлүп жатат. Анын биринчи этабы — смарт карталарды киргизүү. Ал төлөм жүргүзүүнүн бирдиктүү картасы.

Ошондой эле, аткаминерлер жакын арада Бишкек шаарында жол кире акысы 2 сомго кымбаттай турганын билдиришти. Бирок бул аракет жаңы долбоорлор иштеп баштагандан кийин гана болорун билдиришүүдө. Программаны ишке ашыруу үчүн учурда инвесторлорго тендер жарыяланыптыр. Бишкектин коомдук транспорт системасында дагы эмне өзгөрөт?