Бишкектин Маевка айылы ууланган суу колдонуп келгенби? (видео)

1133

Бишкектин батыш тарабындагы айылдар ууланган суу колдонуп келгенби? Чүй областынын Аламүдүн районунун Маевка айылын таза суу менен камсыз кылуучу кудукта ден-соолукка зыяндуу хром заты табылган. Эми жергиликтүү тургундар ичүүчү суусу жок калуу коркунучунда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, мурда өндүрүштө колдонулган оор металл жер алдындагы сууга кошулуп кеткен. Азыркы тапта Маевка айылынын эли ууланган 2 кудуктун бирин жабууга мажбур болушкан. Экинчисинен, чыккан сууга Бишкек шаарынан түтүк аркылуу келген сууну аралаштырып ичүүдө.