Бишкектин ортосундагы түрмө бузулуп, ордуна эмне салынат? (видео)

6599

Бишкек шаарынын так ортосунда жайгашкан №47 абагында жаза өтөп жаткандар бир жыл ичинде Чүй областындагы 3 колонияга которулат. Ал эми имарат толугу менен бузулат. Буга имараттын эскилиги жеткени себеп болууда.

Бул тууралуу жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди. 62 жыл мурда тургузулган жабык мекеменин ордуна «Бишкек-Сити» деп аталган жаңы шаарча куруу пландалып жатканы айтылган.