Бишкектин тургундары айдоочуларды унаа айдап чыкпоого чакырышууда

2489

«Унаасыз бир күн». Эртең Бишкекте дал ушундай аталыштагы акция өткөрүү сунушталууда. Буга ордо калааны кара түтүндү каптап, ыш басканы себеп болууда. Демилгечини калаа тургундары да көтөрүп жатышат. Алар бул күнү темир тулпар ээлерин унаа айдап чыкпоого үндөп, бардык айдоочулар жөө жүрүшү керек деген пикирде.

Муну менен Бишкекти каптаган кара түтүндүн көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бургусу келип жатышканын айтышууда. Бир күн унаасыз жүрүү идеясын бир катар интернет колдонуучулар колдоп жатышат. Буга чейин айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги зыяндуу заттардын көбүн унаалар бөлүп чыгарарын маалымдаган эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.