Бишкектин үстүн кайрадан кара түтүн каптай баштады (видео)

3072

Күн сууктап, жылытуу сезону башталгандан тартып, Бишкектин үстүн кайрадан кара түтүн каптай баштады. Экологдор бул тууралуу кулак кагыш кылып, көйгөйдү эртерээк чечпесе, жыл өткөн сайын абанын булгануусу нормадан улам жогорулай турганын айтышууда.

Медиктер да бул көрүнүш адамдардын саламаттыгына олуттуу зыян келтирип, ар кандай илдеттер жыл өткөн сайын өрчүп жатканын билдиришүүдө. Ал арада тиешелүү мекемелер бул көйгөйдү азырынча чече албай келишет.