Бишкектин жаңы көрүстөнүнө бардык диндегилердин сөөгүн көмүүгө болот (видео)

1270

Бишкектеги «Түштүк-Батыш» көрүстөнү саналуу күндөрдөн кийин жабылат. Анткени аталган жайда маркумдарды жашырууга жер калбай калды. Анын ордуна Аламүдүн районундагы Гроздь айылынан жаны көрүстөн ишке берилет. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, бул жакта жарыктандыруу иштери жүрүп, жолдору асфальтталып бүткөрүлүп калган. Жаңы ачылып жаткан мүрзөгө баардык диндегилердин сөөгү жашырыла берет. Анда мусулман, христиан, буддист жана баптисттер үчүн өзүнчө бөлүктөр каралган. Гроздь айылындагы көрүстөн сентябрь айында колдонууга берилет.