Бишкектин жаңы планы кабыл алынса көп үйлөр түрттүрүлөт (видео)

1169

Бишкек шаарынын деталдык пландоо долбоору тургундардын нааразылыгын жаратууда. Жаңы документ боюнча архитекторлор, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн сейил бактардын аянтын кеңейтүүнү сунуштап жатышат. Бирок буга чейин курулуп калган үйлөр ал планга кирбей калган. Демек ал турак-жайлар түрттүрүлөбү? Жана ал үйлөр кимдин эсебинен калыбына келтирилет? Бул суроолорго азырынча шаар бийлигинин өкүлдөрү так жооп бере алышпай жатышат.