Бишкектин жаштары административдик ресурска каршы (видео)

808

Студенттер жогорку окуу жайларында бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлоо аракеттери болуп жатканын айтып чыгышты. Жаштар өз укуктарын коргоо үчүн «Биз коркпойбуз» деген аталыштагы флеш-моб уюштурушту. Студенттердин акцияга чыгуусуна өткөн жумада Юридикалык академияда болгон окуя түрткү берди. Аталган окуу жайында мугалим студенттерди бир талапкерге добуш берүүгө үндөп, баш ийбегендер академиядан чыгарылат, деп айтып жатканы тартылган аудиотасма тараган. Мындай көрүнүш дээрлик баардык билим берүү мекемелеринде катталууда, дешет жаштар. Бирок студенттердин көбү ачык айтып чыгуудан кооптонушат.