Бишкектин жолдору оңдолсо, бактары кыйылабы? (видео)

2293

Бишкекте кайрадан массалык түрдө бак-дарактарды кыюу иштери башталабы? Учурда калаа тургундарын дал ушул суроо түйшөлтүп турган чагы. Себеби жакында борбордун айрым көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, туурасы кеңейтилгени жатыптыр.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, аткарыла турган иштердин 40 пайызында таштак жерлерге асфальт төшөлсө, бир катар көчөлөр толугу менен реконструкцияланат.

Бирок мекеме бул иштин алкагында кыйыла турган 1 бактын ордуна 2 көчөт отургузулат деп кепилдик берүүдө. Мындай убадалар буга чейин да берилип, бирок иш жүзүндө жарым-жартылай гана аткарылган болчу.