Биз айткан талапкерге добуш бербесең, окуудан кууласың (видео)

2425

Жогорку окуу жайлардын биринде мугалим студенттерди бир талапкерге добуш берүүгө үгүттөп, коркутканы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы иликтөө жүргүзөт. Окутуучунун улан-кыздарды КСДПнын кандидатын колдоого үгүттөп, баш ийбегендер окуудан чыгарылат, деп эскертип жатканы тартылган аудиотасма Интернетте жарыяланды. Андагы студенттер чындыгында эле мугалимдер административдик ресурс колдонуп жатканын айтып чыгышты. Боршайком эч ким шайлоочуну бирөөгө добуш берүүгө мажбурлаганга укугу жок экенин эскертет. Ал эми буга жол бергендер мыйзам чегинде жазага тартылат.