«Биз тумчугум жатабыз» акциясы уланууда (видео)

911

Бишкекте жарандык активиситтер, экологдор бак-дарактарды кыюуга каршы жөө жүрүшкө чыгышты. Алар борбор калаада жашыл аянттар кескин кыскарып, бак-дарактарды отургузуунун ордуна, аларды кыйып жок кылуу куч алганын айтып нааразы болушууда. 90-жылдары баш калаа жашоочуларынын ар бирине 30 чарчы метр жашыл аянт туура келсе, азыркы учурда бул көрсөткүч бир нече эсеге кыскарган. Былтыр борбордо жолдорду кеңейтүү максатында 3 миң бак-дарак кыйылган. Жарандык активисттердин айтымында, бул аракет Бишкекте абанын булганышына алып келди.