Биздин борборубуз туристтер артыкчылык берген калаалар боюнча 7-орунда турат

704

Мындай маалыматты «Турстат» аналитикалык агенттиги жарыялады. Анда кышкысын жана жаңы жылдык майрамдарда эс алуучулар көп барган шаарлар тизмектелген. Биринчи орунда Минск, андан кийин Баку, Астана, Ереван, Алматы, Ташкент, Бишкек, ал эми акыркы орунда Ашхабад калаасы турат.

Бул шаарларга туристтер көбүнчө үч күндөн жети күнгө чейин эс алышат. Күнүнө тамагына жана мейманканага 100 долларга чейин сарптайт. Дем алыш күндөрү жана дүкөндөрдө соода кылууга Баку менен Астана шаарын көп тандашат экен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.