Бизнес ассоциациялары жүк ташуучуларды чек арага барбай турууну суранат

794

Бизнес ассоциациялары жүк ташуучуларды Казакстан чек арасына барбай турууну суранууда. Бүгүн ондон ашык мекеме кайрылуу таратты. Анда чек арадагы күчөтүлгөн көзөмөл алынганга чейин жүк ташуучулардан жолго чыкпай турууну өтүнүшөт. Себеби өткөрмө бекеттеринде кезек күткөн унаалардын саны кескин өсүп жатат.

Учурда эки мамлекеттин жумушчу топтору аталган маселе боюнча иш алып барууда. Беш күндүн ичинде кандай чаралар көлүлүшү керектигин аныкташат. Анын ичинде чек арада турган жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүнүн жол-жобосу каралат. Ага чейин Казакстанга сапар алуудан карманып туруу керек, дешет бизнес коомчулугу.

Кечээ күндөн тарта чек арадан жөө адамдар, товары жок унаалар гана тез өткөрүлүп жатат. Ал эми жүк ташуучу машиналарды кое берүү бир нече саатка созулууда.