Бизнес-омбудсмен кандай милдеттерди аткарат? (видео)

1545

Кыргызстанда бизнес-омбудсмен кызматын түзүү сунушу ишкерлер тарабынан колдоо табууда. Алар түзүлө турган институтка бийлик өкүлдөрүнө таасир бере тургандай укуктарды берүү керектигин белгилешет. Бирок айрым эксперттер өлкөдө ишкерлердин укуктарын коргой турган башка уюмдар деле жетиштүү деген пикирде.

Эске салсак, бизнес Омбудсмен институтун түзүү демилгесин жума башында президент Сооронбай Жээнбеков көтөргөн. Мамлекет башчы мындай кадамга өлкөдөгү текшерүүчү органдардын ишкерликтин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып жатканы себеп экенин айткан. Учурда бул кызматка бара турган талапкерлер атала баштады.