Бизнеске айланган мүрзө (видео)

1856

Бишектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунун тургундары айылдын так ортосунда жайгашкан мүрзө адамдардын ден-соолугуна коркунуч келтирип жатканын айтышууда. 10 миңче чукул түтүн жашаган аймакта көрүстөндүн аянты жыл сайын кенейип бара жатат. Бул экологиялык да, санитардык да нормаларга туура келбейт, дешет жергиликтүү тургундар. Анын үстүнө, мүрзөдөн болгону 100 метр жерде Бишкектин айрым бөлүгүн жана Сокулуктуктарды таза суу менен камсыз кылчу суу топтоочу жай жайгашкан. Андыктан тургундар көрүстөнгө бөлүнгөн аянтты кыскартууну талап кылып жатышат. Бирок жергиликтүү бийлик алардын талабы аткарылбай турганын так кесе айтты.