Бөбөктөрдү дары-дармексиз айыктыруу ыкмасы (видео)

775

Кинезитерапия бөлмөсү Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасында ачылды. Эми дарыгерлер бул ыкма менен неврология ооруларынын кээ бир түрлөрүн дары-дармексиз дарылай башташат. Бөлмөнүн ичиндеги жабдыктарды 30 жыл мурда медициналык институттун педиатрия факультетинин бүтүргөн, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө иштеген дарыгерлер сатып беришкен. Учурда Бишкектин №3-балдар ооруканасынын Неврология бөлүмүндө жаткан балдар эч кандай дарысыз, жаңы аппараттын жана көнүгүүлөрдүн жардамы менен дарыланып жатышат.