Бөбөктү карабай койгон дарыгерлер жазаланды (видео)

6328

Бейтапка орой мамиле жасап, карабай койгон дарыгерлер жазаланышты. Бишкек шаардык №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Нурлан Абасканов жана ушул эле мекеменин кызматкери Гүлкайыр Байгазиевага сөгүш жарыяланды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришти. Интернетте тараган видеодо шал оорусуна чалдыккан 3 жашар баласын колуна көтөрүп дарыгерлерге ызаланган атаны көрүүгө болот. Бул окуянын күбөлөрү дарыгерлерге карата чара көрүүнү талап кылышкан.