Бөйрөк оорусуна чалдыккан айым элдин жардамына муктаж (видео)

1047

Бөйрөктүн өнөкөт дартына чалдыккан Наргиза Алымбаевага тез арада акчалай жардам керек болууда. Ооруусу күчөп, каны тазалоого муктаж болгон Наргиза ордунан тура албай калган. Мындан улам, дарыгерлер бир жума ичинде аны гемодиализ аппаратына жаткыруу керектигин айтышууда. Бир жолку кан тазалоо үчүн 6,5 миң сом керектелет. Бирок Наргизанын мынча каражаты жок. Ага каралашып жардам берчү ата-энеси да жок. Ал кичинесинде жетим калган. Оор дартка кабылган кыз бир тууган эжеси жана анын балдары менен батирде турушат.