Болгарияда иликтөөчү журналист Виктория Маринова өлтүрүлдү

810

Болгариянын Русе шаарында аймактык TVN каналынын административдик директору жана алып баруучусу, иликтөөчү журналист Виктория Маринова мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Ал 30 жашта болчу.

Кыздын денеси паркта табылган. Журналист зордукталып, андан соң тумчуктурулуп өлтүрүлөнү кабарланууда. Полиция Маринованын өлүмү кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштуу эмес экенин ырастоодо.

Politico басылмасы билдиргендей, ал кесиптештери менен бирге Евробиримдик инфраструктураны жакшыртуу үчүн берген акчанын коромжуга учурашы боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан. Журналисттердин иликтөөлөрүнө караганда, бардык каражаттын 30%- 40% сол чөнтөккө кетип же пара катары берилген. Алдамчылыкка мамлекеттик жогорку кызматта иштеген кишилер аралашкан болушу мүмкүн. Иликтөө материалдарында “Лукойл” компаниясынын Болгариядагы туунду ишканасынын башчысы Валентин Златев жөнүндө да сөз болот.

Иликтөөнү Евробиримдик каржылып жаткан. Анын жыйынтыктары ЕБнын Кыянаттык жана алдамчылыкка каршы күрөшүү башкармалыгына (OLAF) берилмек.

Ушуну менен бир жыл ичинде ЕБда үчүнчү иликтөөчү журналист өлтүрүлдү. Былтыр октябрда Мальтада журналист Дафне Каруана Галисия, быйыл февралда Словакияда Ян Куциак киши колдуу болуп каза тапкан.