Болгарияда иликтөөчү журналистти өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

782

Полиция Русе шаарында журналист Виктория Маринованы мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелген кишини кармады.

Расмий түрдө анын аты-жөнү аталган жок, бирок Deutsche Welle басылмасынын маалыматы боюнча ал молдовалык румын улутундагы киши экени айтылууда.

30 жаштагы иликтөөчү журналист Виктория Маринованын сөөгү 6-октябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Русе шаарчасында, Дунай дарыясынын жээгиндеги парктан табылган.

Полиция журналист сабалып, зордукталып, тумчуктурулганын маалымдаган. Тергөө иштеринде журналисттин жеке жашоосу менен кошо кесиптик ишмердигине да көңүл бурулары айтылган.

Politico басылмасы билдиргендей, ал кесиптештери менен бирге Евробиримдик инфраструктураны жакшыртуу үчүн берген акчанын коромжуга учурашы боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан. Журналисттердин иликтөөлөрүнө караганда, бардык каражаттын 30%- 40% сол чөнтөккө кетип же пара катары берилген. Алдамчылыкка мамлекеттик жогорку кызматта иштеген кишилер аралашкан болушу мүмкүн. Иликтөө материалдарында “Лукойл” компаниясынын Болгариядагы туунду ишканасынын башчысы Валентин Златев жөнүндө да сөз болот.

Виктория Маринова — Евробиримдик өлкөлөрүндө акыркы он эки айда киши колдуу болгон үчүнчү журналист.