Болот Дыйканбаев: «Өзгөн — туризмдин очогу болот”

2596

Байыркы Өзгөн шаарынын мунараларын кытайлык тарыхчылар көрүп кетишти. Алар бараары менен биздин тарыхый жерлер тууралуу илимий изилдөө иштерин жазууну убада кылышты. Кытайлык окумуштуулар белгилүү “Мурас” фондусунун чакыруусу менен III Дүйнөлүк  Көчмөндөр оюнуна күбө болушкан. Чет элдик конокторду  тарыхчы-илимпоз, аталган фонддун жетекчиси Кыяз Молдокасымов жер көрсөтүп Сулайман-Тоо жана Өзгөнгө жол алып келген.

Чет элдик конокторду тосуп алган коомдук ишмер, Өзгөн районуну акиминин орун басары Болот Дыйканбаев: “Кытайлык окумуштуулардын Өзгөнгө келиши биздин ата-бабаларыбыздын тарыхынын  коңшу өлкөдө жайылышына шарт түзөт. Өзгөн бул тарыхы бай, туристтер кызыга турган кооз жер, келечекте Өзгөн туризмдин очогу болот, буйруса”, — деди Дыйканбаев.

Өзгөн Фергана өрөөнүндө караханиддер доорунун тушунда бүтүндөй Азия чөлкөмүнө өзүнүн базарлары менен белгилүү болгон шаарлардан болгон. Өзгөн шаары VIII-IX кылымдарда эле чеп менен корголуп, XII кылымдарда караханиддер династиясынын борбор шаарына айланган эң байыркы шаарлардан.

Бул шаар убагында Фергананын чоң соода борбору болуп эсептелгендиктен ага Улуу Жибек жолунан өткөн соодагерлердин баары токтошуп, базарларында соода кылып өтүшүп турушчу экен.  Өзгөн тарых барактарында байыркы Өзгөн-улут байлыгы деп жазылып келет.