Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы. “Аида” операсы Бишкекте (видео)

3577

СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев атындагы 4-эл аралык опера искусствосунун фестивалы Жузеппе Вердинин «Аида» операсы менен ачылды. Ал Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуп өттү.

Кечээ башталган иш-чара 25-апрелге чейин уланат. «Фестивалга катышууга бир нече чет өлкөнүн опера сахнасынын жылдыздары жана мыкты вокалисттери келишкен. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын мыкты чыгармалары тартууланат.