Болот Шамшиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди

3171

Залкар режиссёр Болот Шамшиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Анын мүрзөсүнө топурак салуу зыйнатына президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышышты. Ал эми 78 жашында дүйнө салган кинорежиссер, СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Опера жана балет театрында өткөн.

Болот Шамшиев совет доорунда Чыңгыз Айтматовдун жана башка жазуучулардын чыгармаларын экрандаштырган таланттуу режиссер катары, кыргыз элинин түбөлүк эсинде калды. Ал «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Сүйүү жаңырыгы», «Эрте келген турналар» өңдүү көркөм тасмаларды жаратып, «Кыргыз кереметинин» жаралышына салым кошкон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.