Болот Шамшиевдин унаасын уурдап, өрттөгөндөр кармалды

812

Кыргыз Эл артисти Болот Шамшиевдин автоунаасын уурдап, өрттөгөндөр кармалды. Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө, шектүү катары 3 адам колго түштү. Алардын бири Ысык-Көлдө адам өлтүргөн деп айыпталып кармалган. 24 жана 25 жаштагы кишилер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сурак учурунда алар режиссер Болот Шамшиевге тиешелүү «Мерседес» автоунаасын уурдап, кийин кылмышын жашыруу үчүн өрттөп жибергенин айтышкан. Эл артистинин машинасы 8-ноябрда уурдалган.

Бул боюнча ал Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Тартип сакчылары өрттөнгөн машинени Чүй областынын Молдовановка айылынан табышкан.

Болот Шамшиев 1989-жылы чыккан «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны 1993-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен Люксембургдан алып, Кыргызстанга өзү айдап келген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.