Болот Темиров сабагандар боюнча үн катты (видео)

2415

Журналист Болот Темиров ага кол салган деп шектелгендер менен бетме-бет жолугушат. Бул тууралуу жабырлануучу өзү билдирди. Айтымында, аны сабаган деп кармалгандарды сүрөтүнөн карап таануу мүмкүн болгон жок. Эске салсак, 9-январь күнү «Фактчек.кж» порталынын редактору Болот Темировго кол салуу болгон.

Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүү делген 4 адамды кармап, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар тергөөчүлөргө журналистке тоноо ниетинде кол салганын айтышыптыр. Бирок жабырлануучу буга кошулбайт. Дагы бир кызыктуу жагдай, Болот Темиров ага 3 киши кол салганын айтса, азыр кылмышка шектүү катары төрт киши камакта.