Болсунбек Казаковдун артынан дагы кимдер камакка алынат? (видео)

860

Резиденциянын жанындагы 12 гектар жердеги 48 коттеджди өтө арзан сатуу фактысы боюнча Болсунбек Казаковдон башка да аткаминерлер жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Кечээ Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси камакка алынган. Алгач 242 миллион сомго бааланган мүлктүн 142 миллионго сатылганы учурунда көп суроолорду жараткан эле. Кийинчерээк андан да көп сумма сунуш кылган тараптар болгону ачыкка чыккан. Эң кызыгы, бул ишти атайын кызмат иликтеп чыгып, объект 10 миллион долларга бааланаарын аныктаганы тууралуу маалыматтар бар.