Бомба коюлганы кабарланган объекттер текшерилип, эч нерсе табылган жок

780

Стратегиялык объектилердин бары текшерилип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Эске салсак, 5-февраль күнү түштөн кийинки саат 15:00дон өтүп, алгач Бишкектеги Манас аба майданында «бомба коюлганы» тууралуу кабар түшкөн. Аэропорттогу адамдар эвакуацияланып, обьект толугу менен текшерилип, эч кандай кооптуу буюм табылган эмес.

Көп өтпөй борбор калаадагы эки авиакассада жардыруучу каражаттар коюлганы кабарланган. Ал жерлерди да атайын кызматтар тинтип чыгып, эч кандай бомба табылган эмес. Ал эми саат кечки 19:00гө жакын «Ош» аба майданында бомба коюлганы тууралуу кабар түшүп, бул маалымат да жалган болуп чыккан.

УКМК билдиргендей, мындай кабарлар Кыргызстандагы авиакомпаниялардын электрондук почтасына келип түшүп, анда жардыруу үчүн таймер колдонулаары айтылган.

Адистердин айтымында, бул коркутуулар чет өлкөдөн келген. Учурда иликтөө иштери жүрүп, шектүүлөр изделүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.