Бомба тууралуу жалган маалымат боюнча кылмыш иши козголду

772

Инаугурация күнү өкмөттүк трассада бомба коюлган деп жалган маалымат таратылганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматтарга караганда, 24-ноябрь күнү Айтматов проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруучу зат коюлганы тууралуу кабар келип түшкөн.

Ички иштер министрлигинин академиясынын курсантынын айтымында, бомба тууралуу билдирүү берген адам Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев болгон. Учурда кылмыш ишинин алкагында тараптардын көрсөтмөлөрү текшерилүүдө.

Бул боюнча Зилалиев айрым маалымат каражаттарына түшүндүрмө берип, инаугурация күнү көчөдө күзөттө турган курсант кызга формасына байланыштуу эскертме бергенин, ал туура эмес кабыл алса керек деп айткан эле.