Боомдо жолго таш кулап, бир унаа жабыркады

745

Боом капчыгайында таш кулап, жолдо кетип бара жаткан «Toyota Wish» үлгүсүндөгү унааны жабыркатты. Маалыматтарга караганда, окуя Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 140 чакырымында болгон.

Бактыга жараша жаратылыш кырсыгына автоунаанын ичиндеги адамдар жабыркаган эмес. Кулаган таштын көлөмү шагылы менен 1,5 куб метрди түзөрү белгиленди. Таштар унаанын алдыңкы бөлүгүн талкалап кеткен.

Көп өтпөй кырсык катталган жерди тиешелүү мекеменин жумушчулары барып тазалашкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.