Боорду алмаштыруу операциялары Кыргызстанда жасала баштайбы? (видео)

946

Быйыл Кыргызстанда боорду алмаштыруу жаатында операциялар жасалып башташы мүмкүн. Бул тууралуу органдарды трансплантациялоо темасына арналган иш-чарада Эне-баланын саламаттыгын коргоо Улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди. Бирок боорду алмаштыруу операцияларын жүргүзүү үчүн алгачкы убакытта эле 400 миң долларга жакын каражат талап кылынат экен.

Ошондой эле, «трансплантациялоо» мыйзамына мындан 3 жыл мурда сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алуу зарылчылыгы да белгиленди. Ага ылайык, мындай ишмердүүлүктү мамлекеттик медициналык мекемелерден тышкары, жеке клиникалар да жасай алат. Бул оор илдетке кабылган бейтаптар үчүн бир кыйла жеңилдик болмок, дешет адистер. Ошол эле убакта, жеке менчик мекемелердин ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлдөө үчүн кылмыш кодексине да өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.