Борбордо элди троллейбус гана ташыш керек! (видео)

857

Бишкек шаарында коомдук транспорттун ичинен бир гана троллейбусту калтыруу керек. Мындай сунушту жарандык активисттер көтөрүп чыгышты. Алар борбор калаанын жолдорунан автобустар менен маршруттук таксилерди алууну талап кылышууда. Троллейбус жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу, тыгындарды да азайтат, дешет демилгечилер. Транспорттун бул түрүно өтүү боюнча петиция башталып, учурда 2600 кол чогултулган. Бирок активисттердин талабын аткарууга азырынча шарт жок, дейт адистер.