Борондон улам 100дөн ашуун мал жандыктары кырылып калды

866

Токтогул районунун Үч-Терек айылынын жайлоосунда сууктан улам 100дөн ашуун кой кырылып калды. Соцтармактарта тараган видеодо окуянын күбөлөрү борондон улам көптөгөн мал жандыктары кар күрткүнүн ичинде калганын, ал эми аскада тоңуп жаткан койдун өлүктөрүн ылдыйга кулатып түшүрүп жатышканын айтышууда.

Мындай жагдай бир катар аймактарда жаралган. Алсак, Чүй областынын Суусамыр айыл аймагындагы Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунда чабандар мал жандыктары менен калып калышкан. Алар толугу менен көчүрүлүп келгени маалым болду.

Ошол эле, Нарын облусунун Жумгал районундагы Ой-Кайым жайлоосунда 10 чабан мал жандыктары менен тоодон ылдый түшө албай калышкан. Аларды көчүрүп келүү максатында 30га жакын адам тартылган.

Кар аралашкан борондун кесепетинен Жалал-Абад областынын Кичи-Суусамыр жайлоосунда 7 чабан да мал-жандагы менен калган. Аларды куткаруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 куткаруучу, мындан тышкары, милиция жана тез жардам кызматкерлери жөнөп кетишкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.