Боронов: Коронавирустун жайылышынын жогорку чегине жеттик деп айтуу кыйын

5312

Коронавирустун очоктору орун алган аймактардагы элди атайын түзүлгөн көчмө бригадалар үймө-үй текшерип, зарылчылык болсо тест тапшыртып, анын жыйынтыгына жараша иш алып барып жатышат. Бул маалыматты биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов билдирди. «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык жүргүзүлгөн эсеп боюнча өлкөдө апрель айынын аягына чейин 770 адам ооруга чалдыгат деп божомолдогонбуз. Бүгүн 729 адамга оору жукканы маалым болду. Анын ичинен 437 адам илдеттен айыгып чыкты. Биз көзөмөл кылып, илдеттин жайылышынын алдын алдык».

Боронов үйдө карантинде отуруу талаптарын бузган адамдарга 30-60 миң сомго чейинки айып пул салынганын, айрымдарынын иши сотко жиберилгенин кошумчалады. Биринчи вице-премьер-министр элди ооруну биротоло жеңгенче көчөгө көп чыкпай, чыдап коюуга чакырды. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын шарттарын жеке өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүүлүк менен аткарууга үндөдү. «Биз коронавирустун жайылышынын жогорку чегине жеттик деп айтуу азырынча кыйын. Учурдагы кырдаалды көзөмөлдө кармоого милдеттүүбүз», — деди Боронов.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.