Бошогон министрлик орундарга кимдер дайындалат? (видео)

669

Парламентте бошогон министрлик орундарга талапкерлерди жылдыруу иштери башталды. Бирок азырынча расмий түрдө бир да ысым атала элек. Белгилей кетсек, өткөн аптада Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан бошотулду. Бул мекемеге аны КСДП фракциясы сунуштаган. Ошондой эле, «Кыргызстан» фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Таалайгүл Исакунова да акыркы жаңжалдарга байланыштуу иштен кетүүгө аргасыз болду.

Ал эми маданият министри Султан Жумагулов оорудан улам каза тапты. Бул мекеме КСДП фракциясынын квотасында болгондуктан, талапкерди дагы социал-демократтар көрсөтөт. Маданият тармагынын өкүлдөрү ар кандай сунуштарды берип, бир нече кандидаттын аттарын атап жатышат. Бирок өкмөттүн курамын жаңы кадрлар менен толуктоо маселесине акыркы чекитти парламенттеги коалиция менен өкмөт башчы коет.