Ботаникалык бактын 300 дарагы жок кылынганы турат (видео)

578

Ботаникалык бактын тегерегинде кайрадан жаңжал. Жарандык активисттер Бишкектеги Горький көчөсүндөгү ботаникалык бактагы өзгөчө дарактарды жок кылууга каршы. Шаар мэриясы Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү үчүн дарактар кыйылышы керек деген позицияны карманууда. Азырынча канчасы жок кылынат — ачыктала элек.

Ботаникалык бактын жетекчилиги 300дөй бак-дарак кыйыла турганын айтууда. Жергиликтүү тургундар болсо бактардын жок кылынышына эмес, жолду кеңейтүү үчүн короолору бузула турганына тынчсызданып жатышат. Анткени мэриянын планы боюнча 14 менчик үйдүн короосу алынат.