Ботаникалык бактын жерине кызыккандар кимдер? (видео)

1832

Министрлер кабинети Ботаникалык бакты Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүп берүүнү көздөп жатат. Бирок буга аталган бакчанын кызматкерлери каршы чыгууда. Айтымдарында, аны ордо калаанын бийлигине берүү менен кайра калыбына келгис мүчүлүштүктөр орун алышы толук ыктымал.

Тактап айтканда, илимий институттун аймагында мыйзамсыз курулуштар курулуп, аймагы тилкелерге бөлүнүп жеке колдорго өтүп кетиши ыктымал деп кооптонуп жатышыптыр. Тиешелүү мекемелер болсо, тескерисинче мындай кадам менен соолуп бараткан Ботаникалык бакты сактап калуу аракети көрүлүп жатканын айтышууда.