Бозо арамбы? (видео)

1961

Бозо суусундугу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы атайын фатва чыгарган эмес. Бул тууралуу муфтияттын өкүлдөрү билдиришти. Ал арада коомчулукта бул улуттук суусундуктун тегерегиндеги талаш-тартыш токтобой жатат.

Себеби жакында эле айрым дин өкүлдөрү бозо спирттик ичимдиктерге кирээрин айтып, ислам динин кармандарга бул суусундукту ичүү күнөө экендигин билдиришкен. Бир тобу муну менен макул эмес. Айтымдарында бозо илгертен бери кыргыздын негизги суусундугу болуп, жада калса ден-соолукка дагы пайда алып келет.