Британия Максим Бакиевдин мүлкүн тартып алабы?

941

Башкы прокуратура качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин Улуу Британиядагы мүлкү боюнча маселени териштире баштайт. Бул тапшырма Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети тарабынан коюлду.

Эскерте кетсек, чет элдик уюм Максим Бакиев 5 миллион долларга сатылып алынган үйдө жашаарын, бул каражат Кыргызстандан чыгарылып кеткен акча болушу мүмкүндүгүн айтып келет. Ушул жылдын 1-январынан тарта Улуу Британияда шектүү кыймылсыз мүлктү же күмөн жараткан байлыкты иликтөөгө жардам берген жаңы мыйзам иштей баштаган.

Эгер мүлктү сатып алууда каржы булагынын мыйзамдуулугу далилденбесе, ал Британ мамлекетинин менчигине өтөт. Бул мыйзамдын жардамы менен Максим Бакиев жашаган үйдүн дагы таржымалы иликтениши мүмкүн.