БШК 772 эл аралык байкоочуну каттады

692

Борбордук шайлоо комиссиясы сегиз эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Алар Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин, JICA жана KOICA эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү.

БШК маалымдагандай, акыркы эсеп боюнча жалпысынан дүйнөнүн 58 мамлекетинен 772 эл аралык байкоочу каттоодон өттү.

Жалпысынан 15-октябрдагы президенттик шайлоого байкоо салуу үчүн отузга чукул эл аралык уюмдун өкүлдөрү катталды. Мындан башка Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү да шайлоого байкоо салышат.