БШК 8 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды

701

БШК бүгүнкү күнгө чейин бардык 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорун жана таблицаларын кабыл алды. Анын жыйынтыгында Сузак, Сокулук, Кара-Суу жана Бишкектеги айрым аймактык шайлоо комиссияларында бюллетендер идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан көп болуп калганына байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.

Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, добуш саноодо мүчүлүштүктөргө жол берген аймактык шайлоо комиссиялар таркатылып, эреже бузуулар тууралуу материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.