БШК административдик ресурска кабылгандарды ачык айтууга чакырууда (видео)

890

Борбордук шайлоо комиссиясы административдик ресурска кабылгандарды кысым тууралуу ачык айтып чыгууга чакырат. Учурда аймактардагы добуш берүү тилкелеринде ыкчам жумушчу топтору түзүлдү. Алар област жетекчилеринин, акимдердин, айыл өкмөт, квартал башчыларынын, деги эле мамлекеттик мекемелердин башчыларынын кысымына кабылгандардын арызын кабыл алууга даяр. Боршайком жарандарды таза шайлоо өткөрүүгө салымын кошуп, саясий маданиятты жогорулатууга көмөктөшүүгө чакырат. Бирок мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин көбү жумушунан кол жууп калуудан коркуп, административдик ресурска дуушар болгонун ачык айтып чыгуудан кооптонушат. Ал эми мыйзам боюнча муну далилдөө да кыйын.