БШК Депутат Сулеймановдун жарандыгын текшерүү үчүн өзүнөн уруксат сурады

557

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун жарандыгын текшерүү үчүн борбордук шайлоо комиссиясы эл өкүлүнүн өзүнөн уруксат сурап кайрылды.

БШКдан кабарлашкандай, Казакстандын атайын кызматы Сулеймановдун макулдугу жок анын жарандыгына байланыштуу маалымат берүүдөн баш тарткан.

Бирок депутат башка өлкөнүн атуулу деген кабар тарап жаткандан кийин, боршайком муну иликтеши керек дейт, БШКнын мүчөлөрү.

Мындан улам эл өкүлүнүн атына расмий кайрылуу жөнөтүлгөн. Ал эми Бахадыр Сулейманов башка өлкөнүн жараны деген маалыматты четке кагып келет. Эми ал муну текшерүүгө уруксат береби, азырынча белгисиз.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.