БШК: Добуштарды эсептөө уланууда

931

Акыркы маалымат боюнча, Сооронбай Жээнбековдуку 52,76 пайызга түшүп калды, ал эми Өмүрбек Бабановдуку 36,33 пайызга жогорулады. Учурда добуштар колго саналып жатат. Анын электрондук эсептөөдөн айырмасы болушу мүмкүн.

Азыр бул тууралуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшүүдө. Мыйзам боюнча, Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыгын 20 күндүн ичинде жарыялашы керек.

Ушул убакытка карата, өлкөдөн тышкары шайлагандардын жана Кыргызстандын эң алыскы аймактарындагы участоктордон маалыматтар келе элек.