БШК М.Аманкулов боюнча арызды кароодо (видео)

2372

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Марат Аманкуловго байланыштуу арызды иликтей баштады. Ал эми БШКнын жалпы жыйынында качан талкууга алынары азырынча белгисиз. Боршайком жарандык активисттердин арызы боюнча үч күндүн ичинде чечим кабыл алышы керек.

Талапкердин сөзү боюнча Башкы прокуратура менен УКМК тарабынан дагы эч кандай реакция жасала элек. Атайын кызмат кандидат Марат Аманкуловдун пикири боюнча лингвистикалык экспертиза дайындайбы, белгисиз. Ал арада тилчилер депутаттын сөзүн талдап, өз ойлору менен бөлүшүүдө.